Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жыл башынан бери 15 жарандын бөйрөгү алмаштырылды

Бөйрөк алмаштыруу операциясы мамлекеттин эсебинен

Кыргызстанда жыл башынан бери 15 жарандын бөйрөгү алмаштырылды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева билдирди.


Анын айтымында, 2024-жылдан баштап президенттин чечими менен бөйрөк алмаштыруу операциясы мамлекет тарабынан каржыланып, операциялар акысыз негизде жүргүзүлүүдө.

“Бөйрөк алмаштыруу операциясы мамлекеттин эсебинен, ал эми алдын ала изилдөө бейтаптын өзүнүн каражаты менен жүргүзүлөт. Дары-дармектер менен камсыздоо, операция жүргүзүүчү ооруканага акча которуу багытында иш жай жүрүп жатканы менен учурда мамлекеттин эсебинен 15 операция жасалды. Негизи дүйнө жүзүндө операциядан кийин бөйрөк кабыл албаган убактар да болот. Муну организмдин жаңы бөйрөктү четке кагуусу, кабыл албоосу деп айтабыз. 15 операциянын ичинен ошондой бир учур болду. Тилекке каршы ал адам гемодиализ алууда, абалы жакшы. Калган 14 адамдын организми бөйрөктү кабыл алып, ден соолуктары учурда туруктуу”,- дейт Насира Бейшебаева.

Дарыгердин айтымында, негизи дарылоо шарты боюнча операция жасалып, ооруканадан чыгарган мөөнөт 14 күндөн 21 күнгө чейин бейтаптын абалына жараша болот. Ошондой эле операция болгон күндөн баштап 3 айга чейин дарыгердин көзөмөлүндө болушмакчы.

“Бейтап үйүнө чыгып кетсе да телефон аркылуу байланышта болуп, жумасына бир, андан кийин эки жумада бир ооруканага келип дарыгерлерге көрүнүп турат. Анткени, бөйрөк алмаштырган адамдын абалына жараша дарылары да өзгөрүлөт. 3 ай дарыгердин көзөмөлүндө болгондон кийин, Улуттук госпиталдагы бөйрөк алмаштыруу боюнча адиске кайрылып, ал жактын көзөмөлүндө болот”,- дейт Бейшебаева.

Эске салсак, жыл башында мамлекеттин эсебинен 50 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалары маалымдалып, кийинчерээк мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөдө бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган. Саламаттык сактоо министрлигин акыркы маалыматы боюнча өлкө боюнча 2 миң 730 адам гемодиализ алып, учурда 150дөн ашык адам бекер операция жасатуу үчүн кезекте турат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх