Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен реабилитациялык борборго жардам көрсөтүлдү

Оберег реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча "Оберег" реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, бүгүн аталган борбордун түзүлгөн күнүнө карата майыптыгы бар балдарды ташуу үчүн "Мерседес Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү микроавтобустун ачкычы, баалуу белектер, ошондой эле концелярдык товарлар үчүн акча каражаты тапшырылды.

Буга чейин УКМК төрагасынын атына майыптыгы бар балдарды тарбиялап, адаптациялоону үйрөткөн реабилитациялык борбордун кызматкерлери тарабынан кайрылуу келип түшкөн. Буга байланыштуу аталган борборго УКМК кызматкерлеринин атынан маал-маалы менен материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлүп турат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх