Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт – Ибраев

Бирок жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп турат

Кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, бирок траснформаторлорго ашыкча жүк келтирбөө максатында жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, жөнгө салуу иштеринин учурунда бир суткада электр жарыгы жарым сааттан бир саатка чейин өчүрүлүшү мүмкүн.

“Эгерде жөнгө салуу иштерин жүргүзбөй турган болсок, трансформаторлорго күч келип, иштен чыгып, электр энергиясы бир нече суткага чейин өчүп калуу коркунучу жаралат”, - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх