Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз жоокерлери Казакстандагы “Бузулбас боордоштук-2024” машыгуусуна катышууда

ЖККУнун бириккен штабынын ыкчам топтору жалпысынан 2 миңден ашуун аскер кызматчысы катышууда

Бүгүн Казакстандын “Берег” окуу талаасында ЖККУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук-2024” командалык-штабдык машыгуусу башталды.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттеринин тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн жана ошондой эле, ЖККУнун бириккен штабынын ыкчам топтору жалпысынан 2 миңден ашуун аскер кызматчысы катышууда.

Мындан тышкары, машыгууга 500гө чукул зооттолгон аскердик техниканын түрлөрү, Ми-17, Ми-35 тик учактары, Ил-76 жана Си-295 учактары жана учкучсуз авиация пайдаланылууда.

Машыгуу биргелешкен машыгуу учурунда тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн өз милдеттерин аткарууда жигердүү, чебер жана чечкиндүү аракеттердин ырааттуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх