Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын делегациясы Ташкентте өтүп жаткан КМШнын II Эл аралык статистикалык форумуна катышууда

Форумдун негизги максаты статистика чөйрөсүндө санариптик технологияларды кеңири колдонуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тѳрагасы Бактыбек Кудайбергенов жетектеген делегация бүгүн Ташкентте ѳз ишин баштаган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин II Эл аралык статистикалык форумуна катышууда. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Форумдун негизги максаты статистика чөйрөсүндө санариптик технологияларды кеңири колдонуу боюнча эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды, санариптик технологиялардин негизинде статистикалык процесстерди модернизациялоону, расмий статистиканын ичинде кенен маалыматтарды жана жасалма интеллектти түзүү үчүн альтернативдик маалымат булактарын колдонууну талкуулашууда.

Иш-чаранын программасынан Россия, Беларусь, Армения жана Тажикстандын тажрыйбаларынын негизинде улуттук деңгээлде маалыматтык башкаруу жана маалыматтык ресурстарды интеграциялоонун бет ачарлары орун алган.

Форумдун алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 70-жыйыны өткөрүлөт. Форумга КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин жетекчилиги, КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү, Бириккен Улуттар Уюмунун Статистика департаментинин директору, БУУнун Статистика департаментинин директору, ошондой эле 20га жакын чет мамлекеттердин статистика органдарынын биринчи жетекчилери жана башка эл аралык уюмдардын эксперттери катышууда.

Статистикалык форум өз ишин 4-октябрга чейин улантат.

Эскерте кетсек, бул Форум КМШнын Аткаруу комитети тарабынан бекитилген “КМШда статистиканы өнүктүрүү” программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

Ал эми I Эл аралык статистикалык форум 2023-жылдын 12-14-сентябрында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх