Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун III саммитине катышты

Кыргыз делегациясынын башчысы саммиттин катышуучуларын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган ДКОго активдүү катышууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген делегациясы Катар мамлекетинин Доха шаарында “Спорт дипломатиясы” урааны астында өтүп жаткан Азиядагы Диалогдук кызматташтык уюмунун III саммитине катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө спорт дипломатиянын маанилүү куралы катары Азия континентинде кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүгүүгө салым кошуусу керектигин белгиледи. Бул контекстте ал Кыргызстан тарабынан демилгеленип, 2014-жылы дүйнөдө биринчи жолу өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө басым жасап, анын миссиясы этномаданий оюндар аркылуу ар түрдүү элдердин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана жашоо образын жандандыруу жана сактоо экенин белгиледи.

Учурдан пайдаланып, кыргыз делегациясынын башчысы саммиттин катышуучуларын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган ДКОго активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын делегация башчысы Кыргыз Республикасынын эл аралык тоо жана климаттык демилгелерине, атап айтканда, “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерге”, “Бишкек+25” 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалган II Тоо саммитине токтолуп, катышуучу-өлкөлөрдү бул иш чараларга активдүү катышууга чакырды.

Эдил Байсалов белгилегендей, регионалдык маселелер боюнча Кыргызстан Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларды жана гуманитардык кризисти жана Израилдин Түштүк Ливанга жасаган чабуулун абдан тынчсыздануу менен байкап жатат.

Кыргызстан согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотууну жактайт жана жарандарды коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө жана БУУнун резолюцияларына ылайык Палестина-Израиль чатагын тынчтык жолу менен чечүү үчүн "Эки эл үчүн эки мамлекет" принцибинде саясий диалогду баштоого чакырат.ай тартууланды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх