Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы жана дарыгери кармалды

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы жана кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда, жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан акча каражаттарын системалуу түрдө алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалды. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ошондой эле УКМК тарабынан аталган мекеменин жетекчиси К.А.С. жана анын жакын туугандарынын суммасы 2 млн АКШ долларынан ашык мүлкү бар экендиги аныкталды. Бул сумма директордун ооруканадагы ишмердигинен алынган реалдуу кирешеге дал келбейт, анын жылдык маянасы 400 миңди түзөт.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталууда. Мындан улам, жогоруда кармалган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо УКМКга кайрылса бо

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх