Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору өлчөмдөгү пенсияны миңге жакын адам алат

Бүгүнкү күндө пенсиянын эң төмөн өлчөмү 6900 сомду түзөт

Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору өлчөмдөгү пенсияны миңге жакын адам алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев брифингде билдирди.

Соцфонддун төрагасы белгилегендей, эң көп пенсияны мурдагы президенттер же министрлер албайт.

“Жогорку пенсия алгандар тууралуу маалымат бере албайм, укугум жок”, - деген Алиев, мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн пенсиясы орточо өлчөмдө экенин, жогорку өлчөмдөгү пенсияны эмгек акысы жогору болгон тармакта эмгектендер аларын билдирди.

“Тактап айтканда, тоо-кен тармагында жана банктарда иштеген кызматкерлер”, - деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстанда 787 миң 500 жүз пенсионер бар. Бүгүнкү күндө пенсиянын эң төмөн өлчөмү 6900 сомду түзөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх