Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн эми 5 жылдык гана эмгек стаж талап кылынат

Алиев кошумчалагандай  беш жылдык стажы жокторго эки миң сом өлчөмүндө карылык боюнча жөлөк пул төлөнөт

Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн мурда 20-25 жыл эмгек стаж талап кылынган болсо, эми 5 жылдык гана эмгек стаж талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

"Президенттин жарлыгына ылайык 2024-жылы пенсиялар эки этап менен көтөрүлгөн. 1-июлдан тарта пенсиянын төмөнкү бөлүгүн 3500 сомго, ал эми 1-октябрдан тарта 6900 сомго жеткирдик. 1-октябрдан тарта камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлгөн. Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады. Мунун себеби, пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына жараша прапорционалдуу түрдө эсептелип, пенсиянын базалык бөлүгү аз болуп чыгып калчу", - деп түшүндүрдү Соцфонддун башчысы.

Алиев кошумчалагандай, беш жылдык стажы жокторго эки миң сом өлчөмүндө карылык боюнча жөлөк пул төлөнөт. Карылык боюнча жөлөк пул мамлекет тарабынан Эмгек министрлигинин бюджетинен берилет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх