Мамлекеттик ипотекалык компания Таластагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу тууралуу айтып берди
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей жердин аянты 2 гектарды түзөт
Талас шаарынын Алымкулов көчөсүндө "Тынчтык-Ордо" турак жай комплексинде 5 кабаттан турган 11 блок үйдүн курулушу жүрүүдө. Мында жалпы 310 батир курулат.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, жердин аянты 2 гектарды түзөт.
Курула турган баардык 11 блок үйдүн пайдубалынын чуңкуру курулуш нормаларынын талаптарына ылайык казылып бүтүп, бир кабат пайдубал трамбовка болуп лобараториялык сыноо иштери башталды.
Эскерте кетсек, курулуш иштеринин ар бир этабы долбоордун автордук көзөмөлүндө (проектировщик), жана курулуш иштерин көзөмөлдөөчү атайын агенттиктин тынымсыз көзөмөлү астында жүрүп, курулуштун ар бир этабы лобараториялык сыноодон өтөт.