Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды

Эки бала бакчанын тең ачылышы 2024-жылдын октябрь айына пландаштырылган

Биринчи май районунун башчысы, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы, шаардык кызматтар жана муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү Калыс-Ордо жана Ак-Босого конуштарында курулуп жаткан бала бакчаларды кыдырып чыгышты.

Калыс-Ордо балдар бакчасы

Мэриянын өкүлдөрү барган биринчи объект Калыс-Ордо конушундагы бала бакча болду. Курулуш иштери 98% га аяктап, ачылышка чейинки акыркы даярдык иштери жүрүп жатат. Бала бакча 140 орунга эсептелген, анын жалпы аянты 1390 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин аянты 0,68 гектарды түзөт. Имаратта балдардын жайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттар каралган, анын ичинде уктоочу жана ойноочу жайлар, ашкана, кир жуучу жай, медициналык кабинет, кызматкерлер үчүн бөлмөлөр, ошондой эле музыка жана гимнастика залдары, кампа жана техникалык жайлар бар.

Ак-Босого бала бакчасы

Кийинки объект Ак-Босого конушундагы бала бакча болуп, анда иштер 93% га бүткөрүлгөн. Бул бир кабаттуу мектепке чейинки билим берүү борбору дагы 140 орундуу. Аянты 1413,01 чарчы метр болгон имарат 0,5714 га аянтта жайгашкан.Ошондой эле балдар үчүн бакчада бардык шарттар түзүлгөн, анын ичинде уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, медициналык кеңсе, тамак-аш жана тазалоочу каражаттарды сактоочу жайлар, ошондой эле музыка жана гимнастика залы бар.

Эки бала бакчанын тең ачылышы 2024-жылдын октябрь айына пландаштырылган

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх