Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык гимнасттар эл аралык турнирде байгелүү орундарга ээ болушту

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнирге 16 өлкөдөн келген 600 гимнаст катышкан

5-6-октябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн эстетикалык топтук гимнастика боюнча жогорку категориядагы турнирде Кыргызстандын гимнасттары байгелүү орундарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнирге 16 өлкөдөн келген 600 гимнаст катышкан.

Кыргызстандын атынан мелдешке Амалия Сейтбекова, Айым Токушова, Амира Мадали, Алтынай Чонбашева, Таисия Пономарева жана Алия Сыдыкбаева катышты.

Алар эстетикалык топтук гимнастика боюнча күмүш медалды жеңип алышты. Ошондой эле Айым Токушова топ менен аткарган көнүгүүсүндө алтын медалга ээ болсо, сегиз жаштагы Арууке Абдырасакова буюмсуз көнүгүүдө коло медалды жеңип алды. Ал эми Таисия Пономарева жана Алия Сыдыкбаева "Мисс Шарм" жана "Мисс жылмаюу" наамдарына татыктуу болушту.

Гимнасттар Академия Гимнастика жана "Ынтымак" спорт мектебинин жана клубдарынын атынан чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретишти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх