Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто майыптыгы бар адамдардын арасында спорттук мелдеш өттү

Мелдешке Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты

Ош шаарында майыптыгы бар адамдардын арасында кичи футбол, шахмат, аркан тартыш боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мелдешке Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты.

Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, аталган мелдештер жыл сайын уюштурулуп, майыптыгы бар жарандарды колдоо, дене тарбия жана спортко тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу алардын маанайын көтөрүү максатында өткөрүлүп келет.армоо жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх