Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде аткезчилик менен ташылып келген 2 тоннага жакын жүзүм аныкталды

Чек ара кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты

Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан 2 тоннага жакын жүзүм аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

"Баткен" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Чек ара кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты.

Баткен районунун Чон-Талаа айылында КР жарандары Г.М.М. жана М.С.М.нын башкаруусунда 2 автоунаа каражаты токтотулуп, текшерүүгө алынган. Автоунаалардын жүк бөлүгүнөн жүк коштоочу документтери жок 1847 кг жүзүм табылган.

Кармалган товардын алдын ала баасы 184 миң 300 сомду түзүп, иштин бардык жагдайлары такталганга чейин жүк убактылуу сактоо үчүн "Кайырма+Дума" ЖЧКнын аймагына коюлган.

Чогултулган материалдар "Баткен" бажысынын Бажы териштирүү секторуна өткөрүлдү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх