Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта өстүрүлгөн алманы Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгү каралды

Компания өзүнүн чийки зат базасын түзүү максатында 5 сорттон турган 100 гектар интенсивдүү алма багын отургузган

Сокулук районунда жайгашкан "Агропродукт Азия" Кыргызстанда жаңы мөмө-жемиштерди муздак сактоочу биринчи ишкана. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган ишкананын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен көчмө жыйын учурунда таанышты.

Компаниянын жалпысынан 7 миң тонна сыйымдуулуктагы эки кампасы бар. Ишкана өндүргөн продукциянын 90%дан ашыгы Россиянын “Магнит”, “Пятерочка”, “Лента” сыяктуу чоң соода тармактарына экспорттойт. 3 жыл аралыгында компания 8 миң тоннадан ашык продукцияны, анын ичинде алма, жүзүм, шабдалы, сабиз, картошка, пияз, капустаны экспорттогон. "Агропродукт Азияда" алма менен сабизди жууп, сорттоп жана таңгактоо үчүн автоматтык линиялары дагы бар.

Компания өзүнүн чийки зат базасын түзүү максатында 5 сорттон турган 100 гектар интенсивдүү алма багын отургузган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында ички рынокту камсыздоо, ишкананын продукцияларын Кытайга жана башка кошуна мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх