Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Текебаев Ноокен райондук ооруканасынын кышка даярдыгын текшерди

Өкүл аймактык оорукананын жетекчилигине энелердин жана балдардын өлүмүн алдын алууну тапшырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен райондук жалпы дарыгердик практика борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал оорукананын кышка карата даярдык чараларын жеринен көрдү.

Облус башчысы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү аракети, бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар, мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкүл аймактык оорукананын жетекчилигине энелердин жана балдардын өлүмүн алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх