Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Футбол: “Ак шумкарлар” оюн талаасына ак түстөгү форма менен чыгат

Кыргызстан-Катар беттеши Доханын “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат

Күн мурун 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында өтө турган Катар – Кыргызстан беттешин утурлай уюштуруу жыйыны өттү.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, анда оюнчулардын формаларынын түстөрү аныкталды. Кыргызстандын улуттук курамасы эртең ак түстөгү формада оюн талаасына чыгат. Ал эми Катардын оюнчулары кочкул кызыл түстөгү формада ойнойт.

Белгилей кетсек, 10-октябрда Кыргызстан-Катар беттеши Доханын “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх