Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурланбек Шакиев иш сапары менен Душанбе шаарына келди

Нурланбек Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган парламенттер аралык конференцияга катышат

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстандын борбору Душанбе шаарына келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага баштаган делегацияны Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропорттон Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Ватанзода Махмадали Махмадулло тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган парламенттер аралык конференцияга катышат. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх