Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Флоридадагы "Милтон" бороону Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

 Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген

АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” аттуу күчтүү бороондон жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 млн тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.

Маалыматтар боюнча Флорида штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 100гө жакын адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн КР жарандары жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.

АКШда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн Элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алышат

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх