Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Фламинго" сейил багынын аймагына ШКУ саммити өтө турган конгресс-холл курулат

Ушу тапта Президенттин иш башкармасынын алдында комиссия түзүлдү

Бишкектеги “Фламинго” паркынын аймагына 2026-жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жолугуша турган конгресс-холл куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

“Фламинго” оюн-зоок паркы шаардын түштүк тарабындагы жаңы курулган “Ынтымак ордо” президенттик администрациясынын жанында жайгашкан. Учурда парктын жер тилкеси Президенттин иш башкармасынын балансына өткөрүлүп берилди.

Туманбаевдин айтымында, 1997-жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагы менен “Борбор Азия корпорациясы” ЖЧКсынын ортосунда 93 жылдык ижара келишими түзүлгөн. Бирок жеке компания өз милдеттерин аткарбай, парктын аймагын ижарага берген.

Ушу тапта Президенттин иш башкармасынын алдында комиссия түзүлдү. Алар мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгат.

Туманбаев белгилегендей, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, “Ынтымак Ордо” резиденциясынын жанында имараттарды курууга жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. “Фламинго” паркынын ордуна Президенттин иш башкармасы 2026-жылы 18 мамлекеттин башчылары катыша турган ШКУнун кезектеги саммитин утурлай конгресс-холлду курууну пландоодо.

“Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин конгресс-холлдун курулушу келерки жылдын жаз айларында башталат”, - деп кошумчалады Каныбек Туманбаев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх