Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “IT жана гендер: колдоо жана бирдей мүмкүнчүлүктөр” аттуу иш-чара өттү

Иш-чарага 50гө жакын катышуучу катышты

Бишкекте Кыргызстандагы KOICA бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы тарабынан уюштурулган “IT жана гендер: колдоо жана бирдей мүмкүнчүлүктөр” темасындагы иш-чара өттү.

Иш-чарага 50гө жакын катышуучу, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, санариптик технологиялар жана гендердик маселелер жаатындагы эксперттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Саамалык IT тармагындагы аялдарды колдоого көңүл бурууга, практикалык тажрыйба менен бөлүшүүгө жана бул тармакта олуттуу ийгиликтерге жетишкен аялдардын ийгиликтүү окуяларын талкуулоого багытталган.

Программанын негизги темалары төмөнкүлөрдү камтыды:

1. Башкаруудагы санариптик технологиялар: мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр;
2. G-Cloud: Өкмөттүн булут маалымат платформасы

3. Эксплуатацияга каршы күрөшүү: Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы күрөшүүнүн санариптик ыкмаларын изилдөө;

4. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коргоо саясаты;
5. Кыргызстанда ала качуу: турмуштук окуялардагы карама-каршылыктар;
6. Кыргызстандагы энелердин өлүмү: үч кечиктирүү моделинин контекстинде детерминанттарды изилдөө.

Ошондой эле, иш-чара IT секторундагы гендердик теңчиликке байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп, катышуучуларга мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди алмашуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх