Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам Сосновка постунда кечээ саат 21:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, азырка тапта Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Баса белгилей кетчү жагдай, жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.

Мындан улам Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх