Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттерге карата өкүмдөргө жооп иретинде «#ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафону өз ишин баштады

Бул флешмоб журналисттерге каршы жасалган репрессияларга көңүл бурууга багытталган

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан иликтөөчү журналисттерге карата адилетсиз өкүмдөргө жооп иретинде, Кыргызстандагы аракеттеги медиа платформасы тарабынан «#ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафону өз ишин баштады.

Бир жуманын ичинде редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары Temirov Live, «Айт Айт Десе» жана «Алга Медиа» сыяктуу негизги иликтөөлөрдү эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана укуктук тартипти чыңдоого кандай салым кошконун көрсөтүшөт.

Бул флешмоб биздин коомчулуктун жана эл аралык коомчулуктун журналисттерге каршы жасалган системалуу репрессияларга көңүл бурууга багытталган. Иш-чаранын уюштуруучулары бул аракет жарандарга журналисттик иликтөөлөр коомго маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген булак экенин эске саларынан үмүт кылышат.

Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун эркинен ажыратылышы жөнүндөгү сот чечими кесипкөй коомчулуктун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын нааразычылыгын жаратты. Алар бул өкүмдөрдү сөз эркиндигине жана көз карандысыз журналистикага каршы саясий куугунтук катары баалашууда.

Флешмобдун уюштуруучулары жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык уюмдарды жана жарандарды журналисттер менен тилектештикти билдирип, сот органдарынан бул айыптоолорду кайра карап чыгууну талап кылууга чакырышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх