Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Текебаев грузиялык белгилүү сүрөтчү жана скульптор Тамара Квеситадзе менен жолугушту

Тамара Квеситадзе буга чейин дүйнөгө белгилүү бир катар скульптуралык чыгармаларды жараткан

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев грузиялык белгилүү сүрөтчү жана скульптор Тамара Квеситадзе менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы Тамара Квеситадзе менен Жалал-Абад шаарында туристтердин кызыгуусун арттыруучу маданий-эстетикалык борбор түзүү, ага кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, аймактын өзгөчөлүктөрү камтылган скульптуралык чыгарма жаратуу үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өкүл сүрөтчүнүн буга чейин жараткан эмгектери менен тааныш экенин айтып, Жалал-Абад шаарына жасалуучу скульпторалык чыгарма боюнча сунуштарын берди. Ага катар, калаа аймагында аны орнотууга пландаштырылган бир катар объекттерди көрсөттү.

Тамара Квеситадзе буга чейин дүйнөгө белгилүү бир катар скульптуралык чыгармаларды жараткан. Мындан сырткары, Грузиянын Батуми шаарында орнотулган "Эркек жана аял" скульптурасынын автору.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх