Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Министрлик айдоочуларды жолго чыгарда кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин белгиледи

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууну көздөй кете турчу “Сосновка” контролдук өткөрмө пункту жана түштүктөн Чүй облусун карай “Арал” посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, жеринде №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги абалды жеринде көзөмөлдөп жатат.

Министрлик айдоочуларды жолго чыгарда кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин белгиледи. Анткени чынжырсыз жүргөн унаалардын айынан өлкөдөгү түндүк менен түштүктү байланыштырган эл аралык маанидеги унаа жолдо чоң тыгындар пайда болуп, атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх