Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жаңы "Караван-Инфо" маалымат агенттиги өз ишин баштады

Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, биздин мамлекет көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөт

Бишкекте эксперттердин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн орус-кытай интеграциясынын чакырыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналган "ЕАЭБ жана "Бир алкак, бир жол" демилгесин айкалыштыруу" темасындагы тегерек стол өттү.

Иш-чара Евразиялык стратегиялык изилдөөлөр борбору тарабынан Кыргызстандагы "Караван инфо" маалымат агенттигинин расмий ачылышына карата уюштурулган.

Тегерек столго эксперттер жана өкмөт өкүлдөрү катышып, Россия, Кытай өлкөлөрү менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө басым жасоо менен санкциялардын Борбор Азиянын экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин жана туруктуу өнүгүүнүн альтернативдүү жолдорун издөөнү талкуулашты.

Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, биздин мамлекет көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөт.

"Бирок негизги стратегиялык вектор дагы эле Россия жана КМШ мейкиндиги бойдон калууда. Бирок ошол эле учурда Кытай, Түрк биримдиги, Европа өлкөлөрү да четте калган жок", - деди Сариев.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Евразиялык транспорттук базаны түзүүнүн алкагында Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу талкууланды.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаевдин айтымында, долбоор өлкөнүн темир жолунун мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет.

"Жылдык жүктүн көлөмү 15 млн тоннага жетет деп күтүлүүдө жана акыркы керектөөчүлөргө товарларды жеткирүү мөөнөтү жети күнгө кыскарат. Учурда Кыргызстандын аймагында 420 чакырым темир жол бар болсо, ага дагы 300 чакырым кошулат. Бул "Кыргыз темир жолу" ишканасында жумушчу орундардын санын көбөйтүп, чоң жүктөрдү алыскы аралыктарга арзан жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт", -деди Жумабаев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх