Соцфондго январь-сентябрь айларында 7,7 миңден ашык кайрылуу түшкөн
Жарандар көбүнчө төмөнкү багыттар боюнча кайрылышат
Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 7 741 кайрылуулар келип түшкөн.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинде:
жазуу түрүндөгү кайрылуулар – 384;
ооз эки кайрылуулар – 1046;
Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 109 жаран;
"Кыргыз радио" эфиринен – 4;
ишеним телефондор аркылуу – 3545;
уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2653.
Жарандар көбүнчө төмөнкү багыттар боюнча кайрылышат:
пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
пенсияларды индексациялоо тууралуу;
пенсияга укугу боюнча;
пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
Соцфонддун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.