Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

Демилгечи – Миргүл Темирбаева белгилегендей азыркы учурда мектептерде акча чогултуу улантылып жатат

Күн мурун Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева белгилегендей, президенттин жарлыгына карабастан азыркы учурда мектептерде акча чогултуу улантылып жатат. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчилиги күчөтүлүп иштелип чыкты. Мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна карата Билим берүү жана илим министрлигинин пикирин сурады. Министрдин орун басары Муратбек Касымалиев мыйзам долбоорун колдой тургандыгын белгиледи. Депутат Элвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунда каралган айып акчанын суммасын азайтуу маселесине токтолуп, бул тыюулар мектептердин чарбалык иштерине кедергисин тийгизерин билдирди. Депутат Аманкан Кенжебаев көп сандуу окуучулары бар билим уяларына коопсуздукту көзөмөлдөгөн күзөт кызматкери зарылдыгын эске алып, аларды каржылоону ким жүргүзөрүн тактады.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов мектептерде чарбалык иштерге каражаттарды көбөйтүү, мугалимдерге ашыкча жоопкерчиликти жана түйшүктү жаратпоо сыяктуу маселелерге кайрылды. Депутат Камила Талиева мектептеги чарбалык иштерди мамлекет толук каржылоону жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, мугалимдердин укуктарын коргоо жана маянасын жогорулатуу жагдайларына токтолду. Депутат Чолпон Султанбекова КР Конституциясында билим берүү жөнүндө нормалар каралган 45-беренеге көңүл бурду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх