Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дин иштери боюнча кеңештин биринчи төрагасы Ормонбек Алапаев дүйнөдөн кайтты

СССРдин жана Кыргыз ССРинин журналисттер союзунун мүчөсү болчу

Кыргызстандын Дин иштери боюнча кеңешинин биринчи төрагасы Ормонбек Алапаев 95 жашында дүйнөдөн кайтты.

Алапаев Ормонбек 1929-жылы 25-октябрда Талас районундагы Чоң-Алыш айылында туулган.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин облустук комитетинин мүчөлүгүнө үч жолу, облустук Советтин депутаттыгына эки жолу шайланган. Ал бир нече жолу партиянын райкомдорунун жана шаардык комитеттеринин мүчөлүгүнө, райондук жана шаардык Советтердин депутаты болуп шайланган.

1975-1991-жылдары СССР Министрлер Советинин алдындагы Дин иштери боюнча Кеңештин Кыргыз ССР боюнча комиссары, Кеңештин мүчөсү, ал эми 1991-1993-жылдары - Министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча кеңештин төрагасы болуп эмгектенген.

1992-жылдан тарта өлкөгө жасаган өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккан.

СССРдин жана Кыргыз ССРинин журналисттер союзунун мүчөсү болчу.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-октябрда саат 11:00дө Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 31Б дарегинде өтөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх