Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ашууларда жолдор ачык унаа кыймылына чектөө жок

Министрликтен белгилешкендей, аймактарда асфальт төшөө жумуштары планга ылайык жүрүп жатат

Бүгүн өлкөдөгү ашууларда жана жолдордо жол ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, учурда Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Каттам бар.

Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.

Министрликтен белгилешкендей, аймактарда асфальт төшөө жумуштары планга ылайык жүрүп жатат. Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен айылдын жалпы 3 чакырым жолун оңдоо каралган. Бүгүнкү күндө 1,9 чакырым аралыкка асфальт басылды.

Ошондой эле Михайловка-Николаевка-Токтоян жолу асфальтталууда. Муну менен катар Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх