Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды
Айсулуу Тыныбековага чейин 2014-жылдан тарта Динара Исаева федерациянын вице-президент болчу
21-октябрда "Кыргызстандын Күрөш федерациясы" коомдук бирикмесинин кезексиз шайлоо жыйыны болуп өттү.
Күрөш федерациясынан билдиришкендей, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты.
Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүнү пландап жатканын белгилеп, ошол эле учурда спорттук карьерасын улантуу ниети бар экенин баса белгиледи.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбековага чейин 2014-жылдан тарта Динара Исаева федерациянын вице-президент болчу.