Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндүргөн 16 ишкана катталган

Алар күн карама, пахта, зыгыр, ашкабактын, жүзүмдүн данеги, грек жаңгагынан өсүмдүк майын чыгарышат

Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндургөн 16 ишкана катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар күн карама, пахта, зыгыр, ашкабактын, жүзүмдүн данеги, грек жаңгагынан өсүмдүк майын чыгарышат.

Белгиленгендей, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү бир жолку муздак сыгып алуу ыкмасын колдонушат. Ошондуктан, даяр болгон продукцияда көптөгөн табигый пайдалуу заттар сакталып калат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх