Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте АКШдан почта аркылуу келген ири өлчөмдөгү баңгизат алынды

Бишкек шаарынын аймагында курьер таңгакты К.Н.Н. жаранга тапшыруу учурунда кармалган

Бишкекте Америка Кошмо Штаттарынан почта аркылуу келген өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаты аныкталып, алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери узак убакыт бою Телеграмм мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу андан ары сатуу үчүн АКШдан Кыргызстанга эл аралык почта компания аркылуу органикалык баңги каражаттарын жеткирүү каналын жөнгө салган баңги топторун кармоо боюнча атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте АКШдан келген жүктөрдү бажылык көзөмөлдөөнү жана текшерүүнү уюштурууда, 2004-жылы туулган К.Н.Н. жаранга даректелген таңгактардын биринде өзгөчө ири өлчөмдөгү кара куурайдын жыты бар "гибриддик шишка" деп аталган зат табылган, анын баасы 9 млн сомго бааланат.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө К.Н.Н. курьердик кызмат аркылуу жеткирүүнү пайдаланган, андан ары Бишкек шаарынын аймагында курьер таңгакты К.Н.Н. жаранга тапшыруу учурунда кармалган.

Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иштерин жүргүзүүдө баңги топтун 1999-жылы туулган Л.Ю.В. жана 2003-жылы туулган Т.В.С. башка мүчөлөрү аныкталып, кармалган.

Мындан тышкары, жогоруда аталган адамдардын кылмыш ишинин ачык белгилери бар баңгизаттарды таңгактоо үчүн буюмдар табылып, алынган.

Учурда аталган факты боюнча мындан аркы ыкчам-тергөө иштери улантылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх