Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиясы 10,8%га жогорулады
Жарлык 2024-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирди
Кыргызстанда аскер кызматкерлерин пенсиясы жогорулады. Бул тууралуу "Токтом" порталы маалымдайт.
Ошентип, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы жарлыгы менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматкерлеринин пенсиясы 10,8 %га жогорулатылды.
Жарлык 2024-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирди.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз