Ош шаарынын мэриясында эне-баланын саламаттыгы талкууланды
2024-2025-жылдарга карата иш-чаралардын планы да каралды
Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы биргелешкен аракеттерди улантуу боюнча айтылып, эне-баланын ден соолугуна, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелер талкууланды.
Ошондой эле 2024-2025-жылдарга карата иш-чаралардын планы да каралды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз