Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

1-ноябрдан тартып Москвадагы мекендештерге ипотека боюнча маалыматтар бериле баштайт

Сиз кайсы облустан үй алам десеңиз, дароо кезекке турууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү

1-ноябрдан тартып Москвадагы мекендештерге ипотека боюнча маалыматтар бериле баштайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, Москва шаарындагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды. Анда кыргызстандыктар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлеринен толук кандуу маалыматтарды алса болот.

"Мекендештерге кызматкерлер ипотекалык үйлөр боюнча маалымат берет. Сиз кайсы облустан үй алам десеңиз, дароо кезекке турууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле АКШнын Чикаго шаарында мекендештерге ипотекалык маалыматтарды берүүнү уюштурууну пландап жатабыз. Ал жакта да үй алам деген жарандардын саны көп экенин угуп жатабыз", - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх