Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беш офицер генерал наамынан ажыратылды

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду

Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы беш кызматкери генералдык наамынан ажыратылды. "Кабар" агенттигине маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Тизме:

Алмазбек Орозалиев милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;

Мирлан Каниметов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды ;

Малик Нурдинов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды ;

Талантбек Салиев генерал-майор наамынан ажыратылды;

Санжарбек Эркинбаев генерал-майор наамынан ажыратылды.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх