Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда "Улуттар аралык биримдик – мамлекеттин келечеги" аттуу иш-чара өттү

Жалал-Абад облусунда 20дан ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт

Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев “Улуттар аралык биримдик – мамлекеттин келечеги” аталышындагы иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Саамалык быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгы жана президенттин 2021-2026-жылдагы “Кыргыз Жараны” концепциясын ишке ашыруу алкагында уюштурулган. Ага облустагы жети улуттун маданий борборлорунун өкүлдөрү катышып, улуттук тамак-аш көргөзмөсү жана концерттик программа тартуулашты.

Облус башчысы ар түрдүү улут жана этностор менен жашаган коомдо, алардын биримдиги жалпы мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

"Биздин күчүбүз биримдикте жана ар түрдүүлүктү сыйлоодо жатат. Бул ынтымакты сактоо – ар бирибиздин башкы милдетибиз. “Кыргыз жараны” концепциясы Кыргызстандагы улуттук биримдикти жана жарандык өздүгүн бекемдөөгө багытталган маанилүү идея болуп саналат. Бул концепция ар түрдүү улуттар жана этностордун өкүлдөрү үчүн Кыргызстанда жарандык бирдейликти калыптандырууну көздөйт”, – деди Тилек Текебаев.

Иш-чара “Кыргызстан элинин ассамблеясы”, “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана “Кыргызстан Кызыл Ай” коому тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 20дан ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх