ИИМ Академиясынын 1-курсунун курсанттары ант беришти
Андан соң курсанттарды ИИОнун ардагерлери да куттуктап, кең келечек каалашты
Бүгүн Ички иштер министрлигинин Академиясынын 1-курсунунун курсанттары ант беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага министр Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, ички иштер органдарынын генералдары, ардагерлери, ИИМдин башкармалыктарынын башчылары, курсанттардын ата-энелери, жакындары жана Академиянын өздүк курамы катышты.
Окууга кабыл алуудагы атайын сынактардан жана жаш жоокерлердин курсунан ийгиликтүү өткөн 120 дан ашык курсант Ата Мекени алдында салтанаттуу ант берип, милициянын катардагы наамына ээ болуу менен кызматка болгон алгачкы кадамдарын аткарышты.
Улан Ниязбеков ант берген курсанттарды кылымдык тарыхы бар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана кесипкөй коомчулуктун катарына кошулушу менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады.
Андан соң курсанттарды ИИОнун ардагерлери да куттуктап, кең келечек каалашты.
Салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады..