Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мушкер жана жалгыз бой ата Эмил Кожоевге Бишкектен 3 бөлмөлүү батир берилди

Эмил Кожоев күтүлбөгөн белек үчүн колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазчылыгын билдирди

Мушкер жана жалгыз бой ата Эмил Кожоевге Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевдун жардамы менен үч бөлмөлүү батир белекке берилди. Бул тууралуу  маалымат жыйында маданияттын эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдакматова билдирди.

Анын айтымында, Эмил Кожоев турмуштук оор абалы тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына баяндап жазгандан соң, Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлев жардам берерин билдирген.


"Көп өтпөй Умар Назаровичтин командасы мага байланышка чыкты. Бир ай бою биз 50гө жакын батирди карап чыктык. Биз күткөн күн келип, кечээ эртең менен Москвадан Умар Назаровичтин командасынын өкүлдөрү учуп келишти. Алар менен чогуу шаардын борборунан үч бөлмөлүү батир сатып алып, жалгыз бой атага каттаттык. Бир нече сааттын ичинде батир кооз эмеректер менен жабдылды. Ошондой эле камкор кыргызстандыктар балдарга тиричилик техникаларын, килемдерди, кийим-кечелерди жана бут кийимдерди белекке беришти” , - деди Молдокматова.

Ассоль Молдокматова Умар Кремлевге, анын жамаатына жана бул үй-бүлөгө жардам берип, колдоо көрсөткөн бардык кайрымдуу адамдарга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле мушкер Эмил Кожоев күтүлбөгөн белек үчүн колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазчылыгын билдирди.


"Мен дагы деле ишенбей турам, бизге Бишкектин так ортосунан үч бөлмөлүү пентхаус белекке берилет деп таптакыр күткөн эмесмин. Балдарым азыр шок абалда. Мен өзүм түнү бою уктаган жокмун, сөз жок. Ушундай колдоо жана белек үчүн Умар Кремлевго жана Ассоль Молдакматовага жана колдоо көрсөткөн башка адамдарга чоң рахмат", - деди мушкер.

Ассоль Молдокматова ошондой эле эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевге Чыңгыз Айтматов атындагы медалды жана эл аралык дипломатия Шериктештигинин "Султан Бейбарс" медалын тапшыруу пландалып жатканын белгиледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх