Бишкекте студенттер 5-6-ноябрь күндөрү аралыктан окушат
Эске салсак, 6-ноябрда борбор калаада Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезектеги он биринчи саммити өтөт
Бишкекте 5-6-ноябрь күндөрү бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.
Эске салсак, 6-ноябрда борбор калаада Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезектеги он биринчи саммити өтөт.
Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары катышат.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз