Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто Россиянын маданият жана билим берүү борбору ачылды

Китепканасында 700дөй окуу-методикалык жана көркөм адабият китептери бар

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында Россиянын маданият жана илим борбору ачылды. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор "Орус тилин чет мамлекеттерде колдоо жана өнүктүрүү" мамлекеттик программасынын алкагында түзүлгөн. Анда орус тили үйрөтүлөт жана орус тили мугалимдерин колдоо боюнча окуу-методикалык иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын, Россиянын Оштогу консулдугунун, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, ОшТУнун өкүлдөрү, Ош МПУнун мугалимдери жана студенттери катышты.

Аталган билим берүү борборунун башчысы Мусабек Сатыбалдиев айтымында, мекеме келечектеги мугалимдердин орус тилин үйрөнүүсүнө жакшы шарт түзөт.

“Университетте билим берүү борборунун ачылышы университеттин студенттери жана окутуучулары үчүн чоң белек болуп, келечектеги мугалимдерге орус тилин үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деди ал.

Борбор билим берүү, коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык зарыл заманбап техникалар менен жабдылган. Китепканасында 700дөй окуу-методикалык жана көркөм адабият китептери бар.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх