Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 30 миңден ашуун бала кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү

Бизде кызамык оорусу менен ооругандардын саны жүз пайыз токтой элек

Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгүнүн алкагында 30миңден ашуун бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Айчүрөк Макилова билдирди.

Анын айтымында, кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө кампаниясы бала бакчаларда, мектептерде жана үй-бүлөлүк медициналык топтордо жүргүзүлдү.

“Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгүн жүргүзүү боюнча буйругу чыккан. Буйруктун негизинде республиканын бардык аймактарында кызамакка каршы эмдөө эки жума өткөрүлүп, 9 айдан 7 жашка чейинки максаттуу топтогу 30 миңден ашуун бала эмдөөдөн өттү”, - деди дарыгер.

Мындан сырткары, дарыгер кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнүктүгү республиканын бардык аймагында уланып жатканын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймагында балдарды кызамыкка каршы эмдөө уланууда. Анткени, бизде кызамык оорусу менен ооругандардын саны жүз пайыз токтой элек, ооругандар дагы деле катталууда. Мындан улам биз эмдөөнү дагы улантуудабыз”, - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх