Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Янды кабыл алды
Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналган энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурду
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Янды кабыл алды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташтыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң колдоо көрсөткөндүгү үчүн банкка ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын, бул масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн баса белгиледи. Ал Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналган энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурду.
Бул контекстте мамлекет башчысы АӨБгө Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырганга катышууга чакырды, ал электр энергиясына болгон ички суроо-талапты гана канааттандырбастан, коңшу өлкөлөргө экспорттоо үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы кабыл алынган “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасын эске салып, Кыргызстандагы социалдык турак жай программасын колдогону үчүн АӨБгө ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров баарлашуунун жүрүшүндө өткөн жылдар коррупция менен күрөшүүгө жана криминалдын таасирин жоюуга арналганын, бул өлкөнүн мындан аркы экономикалык өсүшү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем пайдубал түптөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров эми негизги көңүл экономикалык өнүгүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле улуттук күн тартибинин ажырагыс бөлүгү болгон климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүгө буруларын айтты.
Өз кезегинде АӨБ вице-президенти Инмин Ян жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкен ийгиликтерине жогору баа берерин баса белгиледи. Ал АӨБ өлкөнүн туруктуу алдыга жылган өнүгүүсүн байкап жатканын, муну отчеттордогу маалыматтар да, реалдуу өзгөрүүлөр да тастыктап турарын айтты.
Инмин Ян мындан ары да Кыргызстанга, өзгөчө гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, климат жаатындагы долбоорлор, ошондой эле инклюзивдик өнүгүүгө көмөктөшүүчү социалдык программалар сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Тараптар өлкөнүн экономикалык негизин бекемдей турган жана кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзө турган кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү тууралуу макулдашты.