ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгү менен эл аралык кызматташтык башкармалыгынын алакасы талкууланды
Бул жаатта биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштар каралды
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилигинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, эки министрлик ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулаган кеңешмеге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Россиянын ИИМдин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Вячеслав Севрюков, башкармалыктын башка жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери катышты.
Жолугушуу учурунда экинчи тарапка Кыргызстандын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган кызматкерлери тааныштырылды. Россиянын региондорунда эмгектенген кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүү, мекендештер тарабынан жасала турган укукка каршы аракеттерге жол бербөө максатында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын башка шаарларында да өкүлчүлүктөрүн иштете баштады.
Алсак, 2024-жылдын октябрында ИИМдин Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Москва шаарларындагы өкүлдөрү дайындалган.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары, кылмыштуулук менен күрөшүү жана криминогендик кырдаал, өзгөчө баңгикылмыштуулуктун алдын алуу маселелери көтөрүлдү. Эки тарап тең жарандардын, өзгөчө жаштардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылышына өзгөчө тынчсызданууларын билдиришти. Бул жаатта биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштар каралды.
Ошондой эле өзгөчө көңүл Россиянын миграция тармагында кабыл алынып жаткан мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө бурулду. Буга байланыштуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандар тарабынан келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Катышуучулар кошумчалашкандай, бул иш-чара кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди ийгиликтүү ишке ашыруу жана жемиштүү кызматташуу үчүн негиз болуп берет. Жолугушуунун соңунда тараптар ачык өз ара аракеттенүүгө жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин айтышты.