Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти
Мамлекет башчысы Түркиянын президентине мындай чечимди кабыл алганы үчүн ыраазычылык айтты
Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти. Тышкы карыз "жашыл экономика" долбоорлоруна алмаштырылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы Түркиянын президентине мындай чечимди кабыл алганы үчүн ыраазычылык айтты.
Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 58,9 млн долларды түзөт.
Эске салсак, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 4-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келген.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз