Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун курулушу аяктады

Кыргызстандагы линиялардын курулушу 2021-жылдын апрелинде жанданган

CASA-1000 долбоору үчүн тартылган зымдар.
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы CASA-1000 долбоорунун курулушу аяктаганын 5-ноябрда билдирди. Мекеменин башкы директору Алтынбек Рысбеков долбоордун алкагында Кыргызстанда “Датка” көмөк чордонундагы ячейканын курулушу толук бүткөнүн, 1 миң 243 электр мамысы орнотулуп, 456 чакырымга зымдар толугу менен тартылганын тактады.

“Бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган. Ал Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзүү менен бирге биздин өлкө үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди ал.

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясы Кыргызстан өз керектөөсүнөн ашыкча иштеп чыккан жайкы мезгилде экспорттолот. Мындан тышкары CASA-1000 долбоорунун жергиликтүү жамааттарды колдоо программасынын алкагында зымдар тартылган айылдарда социалдык объектилер курулуп, электр тармактары жаңыртылып, жаңы мамылар орнотулган.

CASA-1000 - Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донор 2014-жылы жактырган жана чечим 2018-жылдан баштап күчүнө кирген.

2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев CASA-1000 долбоорун аткаруу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алмак.

Ошол учурда кыргыз өкмөтү долбоорго республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбай турганын, эл аралык каржы уюмдарынан алынган 233 миллион доллар гана жумшаларын билдирген. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган.

Тажикстан долбоор алкагында өз аймагында курулуучу линияларды 2016-жылы сала баштаган. Кыргызстандагы линиялардын курулушу 2021-жылдын апрелинде жанданган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх