Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элчи Бөкөнтаев Россия президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды

Кремлдин Чоң сарайынын Александр залында 28 чет өлкөнүн элчилеринин катышуусунда өттү

Күн мурун Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды.

Элчиликтен билдиришкендей, ишеним грамоталарын тапшыруу аземи Кремлдин Чоң сарайынын Александр залында 28 чет өлкөнүн элчилеринин катышуусунда өттү.

Элчи куттуктоо сөзүндө мамлекеттер менен элдердин ортосундагы узак мөөнөттүү достук, жакшы коңшулук жана ишенимге негизделген кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин өзгөчө белгиледи.

Россия лидери өзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекеттер менен элдердин ортосундагы узак мөөнөттүү достук, жакшы коңшулук жана ишенимге негизделген кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин өзгөчө белгиледи. Бул контекстте ал Москва жана Санкт-Петербург шаарларында ири маданий иш-чараларды өткөрүү менен Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын биргелешип белгиленишине басым жасап өттү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх