Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды

Ал Виктор Орбандын алдыдагы саммитке катышканы үчүн ыраазычылык билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин жана инвестиция, энергетика, инфраструктура жана туризм сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Минкаб өрагасы президент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын ортосундагы бир күн мурда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын жүрүшүндө маанилүү эки тараптуу документтерге, анын ичинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюлганын кошумчалады.

Акылбек Жапаров ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул уюмдун 11-Саммити жакында Бишкекте башталып, төрагалык эстафетасын Кыргызстан алып жатканын белгиледи.

Ал Виктор Орбандын алдыдагы саммитке катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Минкаб өрагасы Будапештте Виктор Орбан менен жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде ар тараптуу байланыштарды бекемдөө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча көз караштары окшош экенин белгиледи.

Ал Венгрия Кыргызстандын өнүгүүгө умтулуусун колдой турганын жана эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуунун артыкчылыктуу секторлорунда тил табышууга даяр экенин белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да өнүгө берерине ишенимдерин билдиришти.

Мындан тышкары, Венгриянын Европа Биримдиги кеңешине азыркы төрагалыгын эске алуу менен Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх