Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын ТМУга төрагалык кылуусунун негизги артыкчылыктары белгиленди

 Уюмдун негизги багыттары боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты

кендиктерин ырасташты.Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын 2024-2025-жылдарга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуусунун негизги артыкчылыктарын белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында өткөн ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Жолугушууга Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто, ТМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, ошондой эле түрк институттарынын жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы иштер органдарынын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү ТМУнун 11-саммитинин жүрүшүндө мамлекет башчыларынын кол коюусуна сунушталган жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун карап чыгып, жактырышты.

Мындан тышкары, тараптар ТМУнун алкагында күн тартибиндеги эң актуалдуу маселелерди талкуулашты жана соода-экономикалык, транспорттук, санариптик, климаттык, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган артыкчылыктуу багыттар боюнча пикир алмашышты.

Аксакалов кеңешинин төрагасы Йылдырым түрк интеграциясын мындан ары да бекемдөө боюнча ой бөлүштү. Анда ТүркПА, ТҮРКСОЙ Түрк академиясынын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун, Түрк инвестициялык фондунун сыяктуу түрк институттарынын, ошондой эле Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери өткөн мезгилде аткарылган иштер боюнча баяндама жасашты.

Министр Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө 2024-2025-жылдарга Кыргызстандын ТМУдагы төрагалыгынын негизги артыкчылыктарын, ошондой эле аларды жакынкы мезгилде ишке ашыруунун пландарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кабыл алынган бардык чечимдерди ишке ашырууга, ошондой эле Уюмдун негизги багыттары боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх